Парламент "Кумтөр" маселесин карап жатат

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊеште "Кумтөр" долбоорунун азыркы абалы боюнча өкмөт маалымат берүүдө.

БИШКЕК, 29- июнь — Sputnik. Жогорку Кеӊеште "Кумтөр" долбоорунун ишине байланыштуу парламенттин токтомунун долбоору каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Жээнбеков: коалициянын позициясы башкача болуп кетсе, жыйынтык бүгүнкүдөй болот
Сариев 1994-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча келишим түзүлгөндө эле андагы мөӊгүлөрдүн абалын эске алуусуз кенди иштетүү чечими кабыл алынганын, азыр мөӊгүлөр башка жакка көчүрүлүп жатканын белгиледи. Ал кендин экологияга келтирген зыянын азайтуу, кендеги иштерди токтотпоо жолдору иликтенип жатканын билдирди.

Премьер-министр, эгер парламент чечим кабыл алса, адистерден турган атайын жумушчу комиссия түзүп, жеринде иликтөө иштерин жүргүзө баштарын айтты. 

2015-жылдын 26-февралында Жогорку Кеӊеш өкмөткө Centerra Gold Inc. компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, "Кумтөр" кенин иштете турган биргелешкен ишкана түзүү же аны улутташтыруу сунушу менен келүү үчүн кошумча убакыт берилген эле. Бирок 9-апрель күнү ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев отставкага чыгарын билдирип, кийин "Кумтөрдүн" арты менен кызматынан кеткен.

Буга чейин Экономика министрлигинин маалымат кызматы эки тарап Кыргызстандагы Centerra Gold Inc. компаниясынын ишине тиешелүү суроолорду талкуулап, "Кумтөр" долбоору туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздоо боюнча макулдашканын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0