Германия кызматташуу үчүн Кыргызстанга 38 млн. евро берет

© Фото / Trine JuelГерманиянын желеги. Архив
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматташуу алкагында Германия тарабынан бөлүнгөн каражаттын 21,95 миллиону каржы жаатындагы долбоорлорго бөлүнсө, 16 миллион евро техникалык долбоорлорго жумшалат.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан жана Германия өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюлганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Германия эки тараптуу техникалык жана каржылык кызматташуунун алкагында 2015-2016-жылдары Кыргызстанга 37,95 миллион евро бөлөрү анык болду. 

"Бул каражаттын 21,95 миллиону финансы жаатындагы долбоорлорго бөлүнсө, 16 миллион евро техникалык долбоорлорго жумшалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргызстандын атынан протоколго экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов, ал эми Германия тараптан мамлекеттин экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлигинин "Кытай, Борбордук Азия, Чыгыш Азия, Лаос жана Камбоджа" бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары  Марион Эдель кол койду.

Тараптар 2015-2016-жылга карата долбоорлорду талкуулап, "Экономиканын туруктуу өнүгүшү" жана "Саламаттык сактоо" багыттары боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0