Кыргызстан менен Индия кызматташуу боюнча ири төрт документке кол коюлду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИндиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кызматташууу боюнча ири төрт документке кол коюлду.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кызматташууу боюнча ири төрт документке кол коюлду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Индия аскердик, маданият жана шайлоолор тармагында кызматташмакчы болду.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган иш-сапарынын алкагында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кызматташууу боюнча ири төрт документке кол коюлду.

Келечектеги кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган документтер, ар тараптуу тармактарды камтыды. Алар төмөнкүлөр болду. 

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Индия Республикасынын Маданият министрлигинин ортосунда маданият, искусство, жаштар, спорт жана ЖМК тармактарында макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Индия Республикасынын Шайлоо комиссиясынын ортосунда шайлоолор тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (СМБ) менен Индия стандарттарынын бюросунун (BIS) ортосунда меморандум.

Нарендра Моди Кыргызстандан кийин кезектеги өлкө Тажикстанга учуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0