Өкмөт мамлекеттик ипотекалык компания түздү

Жазылуу
Беш жыл ичинде, 2016-жылдын 1-майынан кеч эмес убакыттан баштап аталган акционердик коомдун уставдык капиталы 150 миллион сомго өсмөкчү.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кыргызстанда ипотекалык кредит механизмин жөнгө салуу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" деп аталган акционердик коомун түзүлмөй болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бул социалдык тармактын кызматкерлерин, мамлекеттик, муниципалдык жана аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Ачык типтеги "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" уставдык капиталы 10 миллион сомду түзөт", — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.

2016-жылдын 1-майынан кеч эмес убакыттан баштап аталган акционердик коомдун уставдык капиталы 150 миллион сомго өсмөкчү. 

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражаты беш жыл ичинде 760 миллион сомго жетет", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган акционердик коом Бишкек шаарында жайгашып, ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун базасында түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0