Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы кош салык салууга жол берилбейт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАшхабаддагы Жогорку сот мекемеси. Архив
Ашхабаддагы Жогорку сот мекемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай мамилелер кирешеден кош салык алууга жана чарба субъектилеринен ар кайсы өлкөлөрдө салыктын бир эле түрү боюнча бир нече жолу салык алууга жол бербөөнү максаттайт.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Кыргызстан жана Түркмөнстан өкмөттөрүнүн ортосундагы киреше болгон салыкка карата салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жана кош салык салууга жол бербөө тууралуу Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы өтөт.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча сүйлөшүүлөр 13-17-июль күндөрү өтөт. Тараптар бардык беренелер боюнча макулдашууга жетишкен.

"Учурда салык багытындагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу аракети жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай мамилелер кирешеден кош салык алууга жана чарба субъектилеринен ар кайсы өлкөлөрдө салыктын бир эле түрү боюнча бир нече жолу салык алууга жол бербөөнү максаттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0