Аи-92 бензини 1 сомго, калган күйүүчү майлар 0,5 сомго кымбаттады

Жазылуу
Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводунун өндүрүмү азайганынан улам бензин баасы жогорулады. Мындан тышкары, күйүүчү майдын наркы доллардын сомго карата кымбатташына байланыштуу көбөйүүдө.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Июлдун ортосунан тарта республиканын бардык аймактарында Аи-80, Аи-95, Аи-98 маркасындагы бензин жана дизель майы 0,5 сомго жогоруласа, Аи-92 түрү бир сомго кымбаттаганын КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө негизинен Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүмү азайганы себеп болду.

"Россиянын рынокторунда отунга болгон дүң баанын жогорулашы уланып жатат. Күйүүчү майдын баасы июнь айындагы келишимдерге караганда 6-14 пайызга жогорулаган. Бир ай мурун өсүү 5-10 пайызды түзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, баанын өсүшүнө суроо менен талаптын ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушу таасир этүүдө. Жылдын бул маалында бензинге болгон суроо-талап анын өндүрүлгөн көлөмүнө караганда жогору болот. 

"Жайкы мезгилде көпчүлүк заводдор оңдоо иштерин жүргүзүшөт, бул өз кезегинде сунуштун көлөмүн азайтууга алып келет. Мындан тышкары, баанын өсүшүнө нефть өндүрүмүнүн экспорту көбөйүп, Белоруссиядан келген бензиндин азайышы таасир этет", — дешет Нефтетрейдерлер ассоциясынан.

Ал эми ички фактор катары 1-июндан тарта бензинге акциздик салыктын үч миңден беш миңге чейин жогорулашы аталууда.

Мындан тышкары, күйүүчү майдын наркы доллардын сомго карата кымбатташына байланыштуу көбөйүүдө. 1-июндан бери доллар 4,85 сомго же 7,7 пайызга жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0