Сариев: бюджеттен бөлүнгөн акчаны алууда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр мамлекеттин колун карап отургандардын санын көбөйтпөй, чыныгы муктаж болгондорго даректүү жардамды күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Бюджеттен бөлүнгөн акчаны мамлекеттик органдар тоскоолдуксуз алышы керектигин премьер-министр Темир Сариев Каржы министрлигинин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына арналган коллегия жыйынында билдирди.

Жыйын жүрүшүндө министрлик 2015-жылдын алгачкы алты айында республикалык бюджетти аткаруу боюнча маалымат берди. Өкмөт башчы Каржы министрлигин ишине баа берип, тармактагы көйгөйлүү маселелер жана кемчиликтерди белгиледи.

Сариев айрым мамлекеттик органдар республикалык бюджеттен каралган каражатты өз убагында колдонбой, айрым иштер аткарылбай жатканына токтолду.

"Былтыркы жылы бюджеттен бөлүнгөн 6,2 миллиард сом өз убагында колдонулган эмес. Учурда мындай каражат 2,4 миллиард сомду түзүүдө. Ошол эле учурда бюджеттин дефицитин жаап, айрым министрликтерде айрым ресурстарды үчүнчү кварталдан экинчи кварталга жылдыруу каралып, бир катар маселелер жаралып жатат. Муну менен катар дебитордук карыздардын көлөмү өсүүдө. Бул финансылык сектордо бир катар маселелердин бар экенин жана аларды чечүү зарылдыгын көргөзүп жатат", — деди премьер-министр.

10 пайыз жөнүндө — Сариев каржы министрлигиндеги паракорлук тууралуу айтты
Муну менен катар Сариев бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эффективдүү пайдаланылышына басым жасоо зарылдыгын билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бюджеттин 60 пайызга жакыны социалдык төлөмдөрдү төлөөгө каралат. Учурда өлкө боюнча 440 миңден ашык адам социалдык жөлөкпул алат. 

"Билим берүү тармагына бюджеттин 20,6 пайызы, социалдык тармакка 26,5 пайыз бөлүнөт. Бирок анын кайтарымы болуп жатабы? Билим берүүнүн сапаты кандай? Бул чоң суроо. Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы начар тенденцияны көрсөттү. Ошондуктан, Каржы министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге бөлүнгөн каражаттын эффективдүүлүгүн карашы керек", — деди премьер-министр.

Ошол эле учурда Сариев Каржы министрлигине бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү тапшырмасын берди.

"Мамлекеттик органдар бюджеттен бөлүнгөн акчаны бөлдүрөм деп күн сайын Каржы министрлигине келбей, мекеменин расмий сайтында жарыяланган графиктин негизинде акчаны эч кандай тоскоолдуксуз алышы зарыл. Бул жерде коррупциялык көрүнүштөрдү катуу жазалап, бюрократиялык убаракерчиликтен улам мыйзамсыз иштерге жол берилбеши керек", — деп билдирди өкмөт башчы.

Сариев: чет жерде жашаган кыргызстандыктардын кызыкчылыгы корголушу керек
Учурда өкмөт ички жана сырткы резервдерди мобилицизациялап, өлкө эконмикасын өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшап жатканын билдирген Сариев жакынкы аралыкта энергетикалык, транспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканын кошумчалады. Буга байланыштуу Каржы министрлигине инвестициялык долбоорлорду эффективдүү ишке ашырууга көңүл буруу тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0