БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Салык кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы менен төрт интернет-провайдер компанияларына кошумча 74 миллион сом салык төлөмүн эсептегенин аталган мекеме билдирет.
Мындан улам МКС түшүндүрмө берип, 2013-2014-жылдарда төрт интернет-провайдерлик компанияга салыктык текшерүү жүргүзгөнүн маалымдайт. Натыйжада 73 миллион 950 миң сом салык кошумча эсептелген, анын ичинде резидент эместердин кирешесине карата салык жана киреше салыгы бар.
"Текшерүү Салык кодексинин ченемдеринин жана "Кош салык салуудан, ошондой эле киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн баш тартуунун алдын-алуу жөнүндө" Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы макулдашуунун, ошондой эле КР Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун негизинде жүргүзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда "IP NET" ишканасынын иши Жогорку соттун кароосунда турат, бул иш боюнча угуу 23-июлда болот. Мекеме калган материалдар боюнча үч компаниянын доо арыздары Бишкек шаарынын район аралык сотунда каралып, бул талаш-тартыш боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин билдирет.
МСК өзү жүргүзгөн иштерди мыйзам ченемдүү деп эсептерин баса белгилейт.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өткөн айыл чарба жарманкесине барганда айтканын өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге келгендер азык-түлүк баасынын жогорулашына жана анын пенсионерлер менен калктын аярлуу катмарына бөтөнчө сезилип жатканына тынчсызданган. Бааны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик антимонополиялык кызматтын ишине да сын айтылган.
Премьер-министр келтирилген жүйөлөр менен макул болуп, учурда өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн болгон күч-аракетин жасап жатканын белгиледи.
"Азык-түлүк коопсуздугу жана негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул кадамдар өсүмдүк майынын жана кумшекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат. Өсүмдүк майын өндүрүүгө дараметибиз бар. Мен мурдараак кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргам", — деди Марипов.
Ошондой эле ал өкмөттүн негизги максаты — тамак-аш азыктарында импорттун үлүшүн 50 пайызга чейин азайтуу болуп саналарын кошумчалады.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.