Ысык-Көлдүктөр быйыл 100 тонна карагат экспорттоого кам көрүшүүдө

© Sputnik / И. Кибзий / Медиабанкка өтүүКарагат. Архив
Карагат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карагат негизинен Казакстан менен Россияга сатылат.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Ысык-Көлдүктөр быйыл 100 тонна карагат экспорттоого кам көрүп жатканын АВЕП коомдук фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы Максат Абдыкапаров билдирди. 

Анын айтымында, былтыр "Карагат+" программасынын алкагында 50 тонна мөмө экспорттоо жөнүндө келишимге кол коюлган.

"Жыл сайын товарга болгон баа 100 сомдун тегерегинде кармалууда. Быйыл 100 тонна карагатты экспорттоо боюнча келишим түзүүнү пландап жатабыз. Биздин эң негизги кардарларыбыз болуп Казакстан жана Россия эсептелет. ЕАЭБке кошулуу менен бул багытты өнүктүрүү дагы оң жагына чечилет деп ойлойбуз", — дейт ал.

"Карагат+" программасы жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш продукцияларынын рыногунун потенциалын жогорулатууга багытталган. Программа Ысык-Көл облусу үчүн иштелип чыгып, айрыкча көлдүн түштүк тарабын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0