Диль: Кыргызстан италиялык ишкерлер үчүн бардык шартты түзүп бере алат

Жазылуу
Умбрия провинциясынын ишкерлери Кыргызстанга өлкөнүн потенциалы менен таанышуу үчүн келгендиктерин билдиришти.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтип, өнүктүрүүгө ири мүмкүнчүлүк бар экенин вице-премьер-министр Валерий Диль Италиянын Умбрия провинциясынын ишкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес менен алектенүү үчүн бардык шарттар каралган.

"Кыргызстандын салык жана каржы мыйзамдары жаңы ишкердикти тез арада каттап, каражатты эркин жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан улам эки өлкөнүн кызматташуусун кеңейтүүнүн келечеги кең десек болот. Мамлекет инвестиция тартууга кызыкдар, италиялык ишкерлер үчүн бардык тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деди вице-премьер.

Умбрия провинциясынын ишкерлери өз кезегинде Кыргызстанга өлкөнүн потенциалы менен таанышуу үчүн келгендиктерин билдиришти.

"Биз негизинен медициналык техника, жашылча-жемиштерди кайра иштеткен жабдыктарды өндүргөн, курулуш менен алектеген компаниялардын кызыкчылыгын көздөп келдик. Бир нече маанилүү жолугушуулар жүрдү. Биз эми Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк түшүнүк алдык", — дешти италиялыктар. 

Ишкерлер инвестиция салууга мүмкүн болгон долбоорлор боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүрөрүн кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0