Премьер-министр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишин сынга алды

Жазылуу
Сариев учурдагы көйгөй катары мамлекеттик активдер боюнча маселени жөнгө салуу жана натыйжалуу башкаруу, мамлекет карамагындагы мүлктөрдү кайра каттоодон өткөрүп, бул тармакта кадрларды даярдоону атады.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканаларды башкаруудан эч кандай майнап чыкпай жатканын премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) директору Алмазбек Кадыркуловду кабыл алуу учурунда билдирди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуу жолдору иштелип чыгышы керектигин белгилеген Сариев фонд менен мамлекеттик ишканалардын жетекчилигин ортосунда иш жөндшөтүрүлбөй, коллективдүү жоопкерсиздик өкүм сүрүп жатканын айтып өттү.

"Фонд мамлекеттин карамагындагы ресурстарды бөлүштүрүп, өлкө кармагандагы активдерди туура башкаруу жаатында иш алып барышы керек. Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын директорлор кеңеши жүргүзүлүп жаткан саясаттын маанисин түшүнүп, алардын негизги милдети мамлекетке киреше табуу экенин аңдап билиши зарыл. Бул жаатта сиз реформалардын чордонунда турушуңуз керек", — деди өкмөт башчы.

Диль: мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду начар иштегендиктен, реформалоого муктаж
Сариев учурдагы көйгөй катары мамлекеттик активдер боюнча маселени жөнгө салуу жана натыйжалуу башкаруу, мамлекет карамагындагы мүлктөрдү кайра каттоодон өткөрүп, бул тармакта кадрларды даярдоону атады..

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр Кадыркуловго кыска мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу, мамлекеттик менчикте турган ишканалардын кирешесин көбөйтүү менен республикалык бюджеттин кирешесин жогорулатууну камсыз кылуу, 2015-1017-жылдарда менчиктештирүү программасына кирген мамлекеттин менчигиндеги объектилерди реализациялоо жараянын ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0