Атамбаев түрк министри менен эки тараптуу байланыштын келечегин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял министра иностранных дел Турции Мевлюта Чавушоглу.
Президент Алмазбек Атамбаев принял министра иностранных дел Турции Мевлюта Чавушоглу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мевлют Чавушоглу эки тараптуу кызматташуу бир туугандыктын негизинде өнүгүп жатканын айтып, мында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн мааниси олуттуу экенин билдирди.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуну кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Министр Кыргызстанга расмий иш сапары менен 22-июль күнү келген. Мевлют Чавушоглу Ысык-Көл жээгинде кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен эки тараптуу кеңири кызматташууну талкуулады. 

Түркия менен Кыргызстан эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин талкуулады
Президент менен болгон жолугушуу учурунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кыргыз-түрк кызматташуусунун маселелери жана эки тараптуу байланыштын келечеги талкууланды.

Атамбаев өз ара сый мамиле жана колдоо эки өлкөнүн ар тараптуу мамилелерин бекемдөөгө оң таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Өз кезегинде министр Мевлют Чавушоглу эки тараптуу кызматташуу бир туугандыктын негизинде өнүгүп жатканын айтып, мында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн мааниси олуттуу экенин билдирди.

Түркия тышкы иштер министринин Кыргызстандагы иш сапары 24-июлга чейин уланат. Мындан тышкары, Чавушоглу учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык "Мейкин Азия" фестивалынын ардактуу коногу болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0