Диль: импорттун үстөмдүүлүгү жоюлушу керек

© пресс-служба правительстваВице-премьер-министр Валерий Диль. Архив
Вице-премьер-министр Валерий Диль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 107,3 пайызды, ал эми ИДП көлөмү 174,4 миллиард сомду түзгөн.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Кыргызстандын экономикасындагы импорт экспорттон үстөмдүүлүк кылган кырдаал жөнгө салынышы керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль Экономика министрлигинин коллегия жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 107,3 пайызды, ал эми ИДП көлөмү 174,4 миллиард сомду түзгөн.

"Аталган аралыкта мамлекеттин тышкы соода жүгүртүүсү 2 миллиард 253,4 миллион доллар болгон. Анын 26,8 пайызы экспортко, 73,2 пайызы импортко туура келет. Министрлик импорттун экспортко карата үстөмдүүлүгүн жоюу боюнча комлекстүү иш-чараларды жүргүзүшү керек", — деди Диль. 

Вице-премьер министрликтин алдында жаңы түзүлгөн инвестицияларды жылдыруу агенттигинин ишмердигин активдештирүүнү сунуштады. 

"Агенттик Кыргызстанга инвесторлорду тартуу, алар менен иштешүү боюнча бир катар чараларды иштеп чыгышы керек. Мекемеден анын катышуусу менен ишке ашкан реалдуу долбоорлор жана конкреттүү жыйынтык талап кылынат", — деди чиновник.

Диль жыйын жүрүшүндө Экономика министрлиги Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунан кийинки макроэкономикалык абалын терең талдоо, мониторинг жүргүзүү жана КР мыйзамдарын талапка ыңгайлаштыруу сыяктуу иш-чараларды аткарышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0