Түштүк Кореянын желеги. Архив

Корея БШКга 1,2 млн. доллар бөлүп берүү ниетинде

28
(жаңыланган 09:36 27.07.2015)
Төрага Абдраимовдун айтымында, бөлүнө турган каражат Кыргызстандагы шайлоо жараянын автоматташтырып, анын ачыктыгын камсыздайт.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Корея тарап БШКнын сервердик жайын заманбап, учурдун талабына жооп бере турган техника менен жабдуу үчүн кошумча 1 млн. 150 миң доллар бөлүп берүү ниетинде. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен 

Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы өз ара кызматташуу жана шайлоодо инновациялык технологияларды тереңдетүү боюнча документке кол койду. 

Меморандумга кыргыз тараптан БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов, ал эми ассоциациянын атынан башкы катчысы Ким Ёнг Хи кол койду деп маалымдайт БШКнын маалымат кызматы.

Меморандум боюнча алаканы Кызматташуунун кореялык агентти алып бармакчы. 

"Өнөктөштөрүбүзгө Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрүүгө жардам бергенге камынып жатканына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кореялык тарап автоматтык түрдө добуштарды саноочу жана республикадагы бардык шайлоо аймактарын жабдый турган байланыш каражаттарын берип жатат. Андан сырткары, сервердик жайды реконструкциялап, жаңы сервер сатып берди, буга кошумча, маалыматык шайлоо системасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүдө", — деди БШК төрагасы Абдраимов.

Төраганын айтымында, булардын бардыгы шайлоо жараянын автоматташтырып, анын ачыктыгын камсыздайт. 

Буга чейин кореялык тарап президент Алмазбек Атамбаевдин Кореяга жасаган иш-сапарынын жыйынтыгында, Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоо системасын жакшыртуу үчүн беш миллион долларлык грант бөлүнгөн.

28
Белгилер:
Корея, Ким Ёнг Хи, БШК, шайлоо, Туйгунаалы Абдраимов
Тема боюнча
Биометрикалык маалымат боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башталат
Кулов: шайлоо мөөнөтүн президент ушул жумада белгилейт
АКШ долларынын белгиси. Архив

Россияда доллар жайдан бери алгачкы жолу 71 рублге түштү

76
(жаңыланган 14:51 16.10.2021)
Нефтинин кымбаттаганына байланыштуу Россия акчасынын наркы көтөрүлүп бара жатат. Учурда Brent үлгүсү 1,1 пайызга кымбаттап, баасы 84,7 долларга жетти.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Доллардын курсу июль айынан бери алгачкы ирет 70,99 рублге түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Нефтинин кымбаттаганына байланыштуу Россия акчасынын наркы көтөрүлүп бара жатат. Учурда Brent үлгүсүндөгү баасы 1,1 пайызга кымбаттап, 84,7 долларга жетти.

15-октябрь күнү доллар 59 тыйынга арзандады. Аналитиктердин айтымында, рублдин баасынын көтөрүлүп жатканына күйүүчү майдын кымбатташы жана QE программасынын алкагында чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алуунун көлөмүнүн азайышы себеп болууда.

QE — Улуттук банктын өлкө экономикасына колдоо көрсөтүү максатында жасаган иш-аракеттер жыйындысы.

76
Белгилер:
Россия, доллар, рубль
Тема боюнча
Сегиз айда Кыргызстандан 335 млн. доллардан көп акча сыртка чыкты
Коммуналдык кызмат үчүн квитанция жана акча. Архив

Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

934
(жаңыланган 13:23 16.10.2021)
Быйыл Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтери мурдагы деңгээлинде калтырылган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн кандай тариф белгиленгенин маалымдады.

Калк үчүн тарифтер төмөндөгүдөй:

  • калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
  • бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт;
  • суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот;
  • куюучу, эритүүчү цехтер бир киловатт-саат электр энергиясын 3,78 сомдон алат (салыктарды эске албаганда);
  • цемент заводдору бир киловатт-саат электр энергиясын 3,28 сомдо сатып алат (салыктарды эске албаганда).

2021-жыл жылуулук тарифтери:

  • калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф бир гигакалориясы 1 134,76 сом болуп сакталат;
  • ысык суу үчүн тарифи бир гигакалориясы 981,76 сом деңгээлинде сакталат.

Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:

  • жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом.
934
Белгилер:
Кыргызстан, электр энергиясы, ысык суу, жылуулук, баа, тариф
Тема боюнча
Эт — 440, суу май — 131 сом. Бишкекте дем алыш күндөрү өтчү жарманкедеги баа
Жаратылыш. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

0
Жекшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын жергесинде +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +23...+25 градус болору болжолдонду.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер