Кыргызстандын желеги. Архив

Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык дагы бир ири уюм менен кызматташмакчы

77
(жаңыланган 13:00 26.07.2015)
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

БИШКЕК, 26-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Аталган макулдашууга 1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган.

Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү Банкы (БТР ОЭС) ички региондук сооданы өнүктүрүү жана ОЭС экономикалык кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдү экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн демилгелөө, илгерилетүү жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан негизделген көп тараптуу Өнүктүрүү Банкы болуп саналат. 

БТР ОЭС долбоорлорду жана региондор аралык сооданы финансылык өнүктүрүү, жеке жана мамлекеттик секторго көмөк көрсөтүү жана улуттук жана эл аралык финансылык институттар кызматташуу милдетин аткарып, тикелей каржылоо жана кредит аркылуу акча бөлөт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун катчылыгына ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлөөгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

77
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, Соода жана өнүктүрүү Банкы, макулдашуу, ратификация
Тема боюнча
Евразиялык экономикалык комитеттин жыйыны болуп өттү
Сариев: Польша менен экономикалык кызматташтыкты арттырууга аракет кылышыбыз керек
Атамбаев Улуттук банктын экономикалык кырдаалга көзөмөл кылуу керектигин айтты
Үй-бүлө жаңы үйдүн батирин карап жатышат. Архив

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

50
(жаңыланган 11:39 01.12.2021)
Бул мыйзамдын максаты — кыргызстандыктар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө кол койгон мыйзамга ылайык, ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы боюнча мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Максат — Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат", — деп жазылган таратылган маалыматта.

 Билдирүүдө мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралганы айтылган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетмекчи.

 "Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", — деп белгиленген анда.

Быйылкы жылдын октябрь айында МИК мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтыларын билдирген эле. 

50
Белгилер:
Кыргызстан, ипотекалык насыя, кредит, мөөнөт
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү
Тема боюнча
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

505
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

505
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Түркия жана Кыргызстан желектери. Архив

УКМК: Түркия Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярдык көргөн эмес

0
(жаңыланган 12:07 01.12.2021)
Мамлекеттик комитет тышкы саясий күчтөрдүн өлкө ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Түркиянын Кыргызстанда төңкөрүш жасоого даярдап жатканы ачыкталды деген маалыматты төгүндөп билдирүү таратты.

Буга чейин интернет айдыңында жана айрым чет өлкөлүк ЖМКларда жеке булактарына таянуу менен Бишкекте Түркиянын катышуусу менен мамлекеттик төңкөрүш даярдалганы тууралуу кабарлар жарыяланып кеткен.

"Маалымат чындыкка дал келбейт", — дешти УКМКдан.

Комитет бир дагы чет мамлекет Кыргызстандын ички саясий ишине кийлигише албай турганын расмий билдирди. Андан тушары, мындай аракеттерге УКМК жол бербей турганы айтылды.

0
Белгилер:
Түркия, Кыргызстан, УКМК, мамлекеттик төңкөрүш, саясат
Тема боюнча
УКМК бийликти күч менен басып алууга шектелген депутат Жетигеновду камакка алды