Шайлоо Кыргызстанда. Архив

Парламенттик шайлоого даярдануу үчүн 220 млн. сомго чукул акча кетет

1
(жаңыланган 15:06 29.07.2015)
БШКнын мүчөлөрү парламенттик шайлоого кете турчу каражаттын сметасын бекитти. Ал керек болгон учурда кайта да каралышы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Күздө боло турчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн 219 миллион сомдон көп акча кетет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын каржылык жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетекчиси Малабек Токтоболотов мекеменин жыйынында билдирди.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Токтоболотовдун айтымында, Тышкы иштер министрлигине 4,2 миллион сом бөлүү каралган, бирок ТИМ 13 миллион сом сураган.

"Кошумча каражаттар шайлоо үкөктөрүн сатып алып орнотууга жана башка муктаждыктарга керек", — деди ал.

БШК мүчөлөрү күзүндө болот урчу парламенттик шайлоого кете турган чыгымдын сметасын бекитти, ал керек болгон учурда кайтадан каралышы мүмкүн.

Буга чейин Корея тарап БШКнын сервердик жайын заманбап, учурдун талабына жооп бере турган техника менен жабдуу үчүн кошумча 1 млн. 150 миң доллар бөлүп берүү ниетин билдирген.

1
Белгилер:
Борбордук шайлоо комиссиясы, Малабек Токтоболотов, Жогорку Кеңешке шайлоо
Тема боюнча
Корея БШКга 1,2 млн. доллар бөлүп берүү ниетинде
Атамбаев ЖКнын төрагасы менен күздө өтүүчү парламенттик шайлоону талкуулады
Электр зымдары. Архив

Дүйнөлүк банк КРде электр энергиянын баасын өзгөртүүнү кубаттады

3
(жаңыланган 14:14 12.05.2021)
Аталган уюм бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда экендигин билдирген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк (ДБ) Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти журналисттерге айтты.

"Тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат. Дүйнөлүк банк бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгон үчүн колдоду. Калктын жетишпей жашаган катмары үчүн социалдык тариф каралганын угуп кубандык", — деген Бьерде.

Аталган уюмдун өкүлү тариф реформасы жетишпей жашагандарга кедергисин тийгизбеши керек деген пикирин билдирген.

"Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз, себеби бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда. Муну менен катар эле тариф реформасы жетишпей жашагандардын мойнуна жүк болбошун каалайбыз", — деген ДБдин өкүлү.

21-апрелде Садыр Жапаров электр кубатынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган.

Категориялар:

  • Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын;
  • Жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон;
  • Колунда барларга 1,48 сомдон белгилеп, киловатт-сааттык чекти алып салуу (кышкысын бул категориядагы жарандан 1000 киловатт-сааттан ашканда 2,29 сомдон төлөшү мүмкүн).
3
Белгилер:
тариф, электр кубаты, дүйнөлүк банк, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков

Экономист: бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтөт

4
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоо зарыл экенин белгиледи.

Бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтүшү ыктымал. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Экономист: бааны тескөө көмүскө экономиканы күчөтөт

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында бааларды тескөөдөн башка жолдорду колдонуу зарыл.

"Пандемияга байланыштуу экономикалык көрсөткүчтөр абдан төмөндөп кетти. Алсак, былтыр ИДП 8,5 пайызга төмөндөсө, быйылкы жылдын биринчи кварталында тогуз пайыздан ашты. Жумушсуздук жогорулап, жакырчылык өсүүдө. Дүйнөлүк банк, эл аралык уюмдардын божомолдору дагы көңүл жубатарлык эмес. Ошондуктан тышкы соода алаканы жакшыртуу зарыл. Импорттук товарларды алып келүүнү жеңилдетүү, капиталдын көлөмүн жогорулатуу максаты турат. 5-майда президент өз кайрылуусунда жеке менчиктин корголуусу, укук коргоо органдарынын реформасын жүргүзүү жана башка ишкерликти колдоо боюнча маселелерге токтолду. Ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Бул багытта этияттык зарыл. Бааны мамлекеттик көзөмөлдөөгө алуу менен көмүскө экономиканы жогорулатып алуу кооптуулугу бар. Себеби бааларды тескөөгө алып, иш атаандаштыктын негизинде жүрбөсө, рынок көмүскөгө кирип кетет. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоого алуу зарыл. Ал үчүн салыктык жеңилдиктерди берип, аткезчиликти токтотуш керек. Ошондой эле бизнести жөнгө салуучу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү шарт. Ошондо гана экономиканы өстүрүүгө мүмкүндүк түзүлөт", — деди Сыдыков.

Мунун менен бирге ал IT тармагын камтыган креативдүү экономиканы колго алуу менен жакшы натыйжага жетишсе боло турганын кошумчалады.

4
Белгилер:
аткезчилик, ишкер, экономика, Аскар Сыдыков
Тема боюнча
Өкмөт өсүмдүк майы менен кумшекердин баасын 90 күн көзөмөлдөйт