Кыргызстандын ЕАЭБге киришин Казакстан гана колдой элек

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча келишимди Армения, Белоруссия жана Россия колдоду.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимди Россия, Армения жана Белоруссия толук колдогонун Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов өкмөттүн жыйынында билдирди. Аталган мамлекеттер бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Казакстандын бул жааттагы нотасы жакынкы күндөрү келип түшөрү күтүлүүдө.

Экономика министри Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панкратов ЕАЭБ чек араларын ачууда Казакстан менен болгон тоскоолдуктар тууралуу айтты
Шейшемби күнү, 28-июлда, премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуу шартында чек араларды ачууга даярдык боюнча жыйын өттү.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, 19-июлда Кыргызстандын атайын делегациясы Казакстанда ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык-эпидемиологиялык маселелерди көзөмөлдөөгө байланыштуу маселелерди талкуулады. Анын жыйынтыгы менен кыргыз делегациясынын маалыматын эске алуу менен казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү алып салуу жана бул багытта Евразия экономикалык комиссиясына кабардар кылууга макул болду.

Премьер-министр Темир Сариев тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында жол картасынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жана чек араларды ачууга даяр болуу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0