Салык кызматы карызы көп ишканалардын атын атады

Жазылуу
Ири салык төлөөчүлөрдүн жалпы карызы учурда 396,8 миллион сомду түзөт. Бишкек боюнча "Тазалык" ишканасы 11 миллион сом карызы менен алдыңкы катарда турат.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматы 2015-жылдын 1-июлуна карата салыгы көп болуп кеткен ишканалардын тизмесин жарыялады.

Салык документи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы үймө-үй кыдырып, салык төлөбөгөндөрдү аныктайт
Бишкек боюнча "Тазалык" ишканасы 111 миллион сомдук карызы менен алдыңкы катарда турат.

Кыргызстандын алкагында "Бишкек штамп заводу" мамлекеттик ишканасынын мойнунда 28,8 миллион сомдук карызы бар. 

Мындан тышкары, 1,3 миллион сом салык карызы бар "КыргызЭлСтрой" ишканасы да катталган. Ал эми Ош боюнча биринчи орунда мамлекетке 17,7 миллион сом карызы бар "Трое" ишканасы турат.

Салык төлөөчүлөрдүн толук тизмеси менен Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0