Кыргызстанда айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо жөнөкөйлөтүлдү

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАлма чогултуу. Архив
Алма чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев тарабынан кол коюлган мыйзам Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү карайт.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Капустаны алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаршекеев: ЕАЭБге кошулуунун пайдасын алгач айыл чарба тармагы сезет
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аталган мыйзам ЖК тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – акысыз алынган маданий-социалдык багыттагы объекттерге жана уюмдарды кошумча нарк салыгынан бошотуу эрежелерин тактоо. Ага кошумча куруучулар тарабынан инженердик тармактарды пайдаланууга берүүчү уюмдарга объектини өткөрүп берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча салык мыйзамын жакшыртуу.

Мындан тышкары мыйзам айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн максималдуу жөнөкөйлөтүлгөн шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0