Транспорт жана турак-жай үчүн салык төлөө сентябрда аяктайт

Жазылуу
Салыктарды төлөө мөөнөтү бир айдан кийин аяктайт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 1-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү, 2-сентябрда турак-жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди.

Салыктын өлчөмү жер аянтына, автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыккан жылына жараша болот. Салыктын өлчөмү канча болорун мекеменин расмий сайтындагы калькулатордун жардамы менен эсептеп алса болот.

"Салыкты өз маалында төлөбөгөн кишилер 2000 сом, юридикалык тараптар 5000 сом айып төлөйт. Учурда салык боюнча билдирүүлөр жөнөтүлүүдө", — деп Салык кызматынан билдиришти.

Мөөнөт аяктагандан кийин салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталат. Жол кайгуул кызматынын унаалар боюнча инспекторлору үймө-үй кыдырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0