Ниязалиева: эс алуучу жайлардагы баанын жасалма төмөндөтүлүшү салык көлөмүн азайтууда

Жазылуу
2015-жылдын биринчи жарымында планда каралган 700,2 миллион сомдун ордуна 694,1 миллион сом чогултулган. Ал эми республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 97,4 пайызга гана аткарылган.

БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Ысык-Көл районунда эс алуучу жайлардын чыныгы баасын жашыруу менен жергиликтүү бийлик аймактын салык потенциалын толук пайдаланбай жатканын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева аталган облустун коллегия жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын биринчи жарымында планда каралган 700,2 миллион сомдун ордуна 694,1 миллион сом чогултулган. Ал эми республикалык бюджет 97,4 пайызга гана аткарылган. 

"Бир эле Ысык-Көл районунун жалпы облустун планын аткарып коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Документте аймактагы эс алуучу жайларда баанын жасалма төмөндөтүлүшүнөн улам салык көлөмү да азаюуда. Облустун салык кызматы мындай келишимдерди түзүү менен салык төлөөдөн баш тарткандарды жаап-жашырып келет", — деди Ниязалиева.

Жыйын жүрүшүндө вице-премьер облус жетекчилигине курорттук мекемелердин ишмердүүлүгүн калыс карап, документ толтурууда чыныгы бааларды каттоо жана салык планын даярдоону көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0