Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жогорулайт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАшхабад шаары. Архив
Ашхабад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын тышкы соодасында Түркмөнстан 0,2 пайызды ээлейт. 2010-2014-жылдардын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 69 пайызга өскөн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркмөнстан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык шарттарга ээ экенин вице-премьер-министр Валерий Диль "Кыргызстан-Түркмөнстан" форумунун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын төрт айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,3 миллион долларды түзгөн. Вице-премьер бул көрсөткүч жетишсиз деңгээлде экенин белгиледи.

"Эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышып жаткан бул форумдун өткөрүлүшү эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө түрткү болот", — деди чиновник.

Жол көрсөткүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү 5-6-август күндөрү жабылат
Эгемендик алган мезгилден бери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда биринчи жолу ушундай ири масштабдагы бизнес-форум өтүп жатканын белгилеген Диль кыргыз тарап бул иш-чарага өзгөчө маани бере турганын кошумчалады.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы соодасында Түркмөнстан 0,2 пайызды ээлейт. 2010-2014-жылдардын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 69 пайызга өскөн.

Бүгүн, 4-августта КРдин Соода-өнөр жай палатасында алгачкы ирет өтүп жаткан кыргыз-түркмөн бизнес-форуму Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун Кыргызстанга боло турган расмий иш сапарынын алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0