БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын Кыргызстандан дайындалган министри Данил Ибраев он-лайн конференция өткөрүп, анда КРнын ЕАЭБге кошулуусу боюнча суроолорго жооп бере турганын ЕЭКтин расмий сайты билдирет.
Жакынкы күндөрү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу боюнча келимиш күчүнө кирет. КР Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия менен биргеликте биримдиктин бешинчи толук кандуу мүчөсү болот.
Шейшемби күнү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы болуп Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жыл башынан тарта Кыргызстанда бензиндин баасы литрине 4,9 сомго өстү. Бул туурасында Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.
Ассоциация 2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн айтышты. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.
"Республиканын май куюучу бекеттеринде бензиндин чекене баасы бир литрине 13,8 пайызга, тагыраагы, 4,9 сомго кымбаттаган. Нефтетрейдерлер ассоциациясынан аталган продукциянын наркынын КР рыногунда кескин өзгөрүлүп жана тартыш болуп кетпеши үчүн болгон аракетин кылат", — деп айтылат маалыматта.
Ассоциациядагылар баанын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири катары сомдун долларга карата болгон девальвациясын аташкан. Сомдун баасы былтыр 21 пайызга түшүп кетип, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майга 6-7 сом кошулган. Алардын маалыматына караганда, кыргыз сомунун былтыркы девальвациясы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен салыштырып карай келгенде байкаларлык болгон. Мисалга алсак, армян драмы Тоолуу Карабахтагы чатактарга карабастан болгону төрт пайызга гана арзандаган.
Россиядагы мунайды кайра ишетүүчү заводдордогу баанын көтөрүлүшүнүн себептери:
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Beeline соода маркасы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол "Скай Мобайл" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.
"Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.