Эртең Кыргызстан-Казакстан бажы тосмолору ачылышы мүмкүн

Жазылуу
ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эртең, 6-августта Бажы тосмолорунун салтанаттуу ачылышы күтүлүп жатканын премьер-министрдин маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, бажы чектеринин ачылышын кыргызстандыктар көптөн бери күтүп жатышкан.

"Эртең Кыргызстан-Казакстан бажы тосмолору салтанаттуу ачылат. Кечээ Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү жөнүндө нотасына кол койду. Муну Кыргызстандын жарандары көптөн бери күтүп жаткан", — деди Ахмедова.

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик.

Жаңылыктар түрмөгү
0