БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине толук кошулушу бир канча күндү ала турганын экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулушу боюнча келишимге 2014-жылдын декабрында Москвада өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында кол коюлган. 22-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аталган биримдикке кирүүсү боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Жакында эле Казакстан акыркылардан болуп Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча бардык документтерди ратификациялады.Мамлекеттер ортосундагы чек ара Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын биримдикке кошулушу боюнча тийиштүү документке кол койгондон кийин гана ачыла турганын экономика министри Панкратов билдирди.
"Бүгүн документтер Тышкы иштер министрлигине келип түштү. Жакынкы эки-үч күндө нота Евразиялык экономикалык комитетке жиберилет, документке кол коюлган күнү ЕАЭБ келишиминдеги бардык шарттар күчүнө кирет", — деди ал.
ЕАЭБ Бажы биримдигинин негизинде түзүлгөн. Анын мүчөлөрү Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө убадасын берди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.