ЕАЭБ чек араларындагы абалды атайы түзүлгөн штаб көзөмөлдөйт

Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге толук кошулар алдында өкмөт башчысы тийиштүү мамлекеттик органдарга бажы тосмолорунун ачылышына даяр туруп, өзгөрүүлөр тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. ЕАЭБ чек араларында кырдаалды көзөмөлдөй турган атайы штаб түзүлө турганын премьер-министр Темир Сариев бажы тосмолорун ачуу боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялады
Шейшембиде Казакстандын президенти акыркы болуп Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу жөнүндө келишимди ратификациялады. Тийиштүү нота Евразиялык экономикалык комиссияга жөнөтүлүп, реестрге киргизилгенден кийин чек ара тосмолору ачылат.

Кыргызстан ЕАЭБге толук кошулар алдында өкмөт башчысы тийиштүү мамлекеттик органдарга бажы тосмолорунун ачылышына даяр туруп, өзгөрүүлөр тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. 

"Кыргызстан биримдикке расмий мүчө болгондон тартып, ар бир мамлекеттик орган өз милдетин так жана ыкчам аткарышы керек. Жарандар, ишкерлер жана өлкө аймагынан чыгып жаткандар бажы процедураларынын өзгөрүшү тууралуу өз убагында кабардар болушу керек", — деди Сариев.

Премьер-министр ЕАЭБ чек араларында тийиштүү мамлекеттик структуралар күнү-түнү кезек менен көзөмөл жүргүзө турганын белгиледи.

ЕАЭБ Бажы биримдигинин негизинде түзүлгөн. Буга чейин ага Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мүчө болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0