МСК: карызкорлор карызын тууму жок төлөөгө мүмкүнчүлүк алды

© flickr.com / Images MoneyКалькулятор жана тыйындар. Архив
Калькулятор жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча 100 миң 750 салык төлөөчү 1 миллиард 336,7 миллион сом карыз.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы карызкорлорду карызын маалында төлөп, кошумча туумдардан кутулууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кагазга жазуу жана эсеп машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык төлөөчүлөрдүн карызы акырындап эсептен чыгарылат
2015-жылдын 4-августтунда күчүнө кирген "Салыктар жана бажы төлөмдөрүнө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, 2016-жылдын 1-майына чейин карыздарынан кутулгандарга бир катар жеңилдиктер каралган.

Эгер карызкорлор карызынын негизги суммасын 2015-жылдын 1-ноябрына чейин төлөсө, бул убакка чейин топтолгон туумдары толугу менен кечилет. Эгер 2016-жылдын 1-февралына чейин кутулса, 80 пайыз жана кийинки жылдын 1-майына чейин кутулса., туумдардын 50 пайызы кечилет.

2015-жылдын 6-августуна карата маалыматка ылайык, республика боюнча 100 миң 750 салык төлөөчүнүн 1 миллиард 336,7 миллион сом карызы бар. Чогулган карыздардын туумдары 440,9 миллион сом, салык санкциялары 71,2 миллион сом жана салыктык калдыгы  824,6 миллион сомду түзөт. 

Салык санкцияларын эсептен чыгаруу боюнча кампания тууралуу кененирээк маалыматты 194 телефону аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0