Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы. Архив

Сариев "Датка-Кеминди" 31-августка чейин пайдаланууга берүү зарылдыгын айтты

38
(жаңыланган 10:37 11.08.2015)
Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев жогорку чыңалуудагы линияны өткөрүп алууда бардык талаптарды сактоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

БИШКЕК, 10-авг — Sputnik. Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ишке берүүгө даярдык боюнча жыйында премьер-министр Темир Сариев аны 31-августка чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү зарылдыгын айтты.

Электр линии Датка-Кемин. Архивное фото
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев учурда "Датка-Кемин" линиясында иштер ушул жылдын 20-августуна чейин толук бүткөрүлүп, атайын комиссия өткөрүп аларын билдирди. Турдубаев бул жогорку чыңалуудагы линияны өткөрүп алууда бардык талаптарды сактоо жана сапатына өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Сариев "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү керектигин белгиледи.

"Бул долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Себеби "Датка-Кеминдин" бүтүшү менен өлкө энергетикалык эркиндикке жетет. Ошондуктан Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн алдында толук кандуу ишке берүү абдан маанилүү", — деди Сариев.

Учурда 500 кВт "Кемин" подстанциясынын курулушу аяктап, 929 тирөөч орнотулду. Калган 120 тирөөчтү жерге орнотуу иштери жүрүп, 25 тирөөчкө чиркелүүчү арматуралар менен изоляторлор монтаждалып жатат.

 

38
Белгилер:
"Датка Кемин" подстанциясы, Кубанычбек Турдубаев, Темир Сариев
Тема боюнча
"Датка — Кемин" электр линиясы үчүн акыркы тирөөч орнотулуп бүттү
Чүй менен Таласта электр энергиясынын абалы жакшырат
Пикирлер