Бензин куйуучу жай. Архив

Августта бензиндин баасы доллардын курсунан көз каранды болот

58
(жаңыланган 11:24 13.08.2015)
Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, күйүүчү-майлоочу май менен өлкөнү камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт. Учурда тартыштык жок.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Августта бензиндин баасы доллардын курсунан көз каранды болорун КР нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

"Бүгүнкү күндөгү маалыматтар боюнча, Россиянын нефтепродукт рыногундагы абал турукташып калды. Август айында мунай заттарын алып келүү баасы июлда кол коюлган келишимдерде көрсөтүлгөн бойдон калды", — деп ассоциациядан билдиришти.

Белоруссиядан да күйүүчү майдын келиши жана мунай заттарын кайта иштетүүчү ири заводдордун оңдоодон кийин ишке кириши бааны бир калыпта сактоого өбөлгө түздү.

Эгер доллардын сомго болгон катышы ушул бойдон сактала турган болсо, август айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы көтөрүлбөйт.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, күйүүчү жана майлоочу май менен өлкөнү камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт. Учурда тартыштык жок.

Азыр оруп-жыйноо иштери башталгандыктан, бензинге болгон талап чоң. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бул багытта 50,8 миң тонна күйүүчү май керектелет.

58
Белгилер:
күйүүчү-майлоочу каражат, баа, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы
Тема боюнча
Акенеев: ЕАЭБде бензин баарына жетет
Кулов: жайында бензиндин бардык түрү 1,5 сомго кымбаттайт
Пикирлер