Темир Сариев Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валоваяны кабыл алды.

Сариев: эртең биримдикке киребиз, бул биз үчүн тарыхый кадам

137
(жаңыланган 11:27 13.08.2015)
Өкмөт башчы кыргызстандыктар ЕАЭБге кошулуусунан көптү күтөрүн жана бул биримдик жарандарга жаңы мүмкүнчүктөрдү ачып, жеңилдиктерди камсыздарын айтты.

БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. ЕАЭБге толук кирип, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрү алынар алдында Темир Сариев Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валоваяны кабыл алды. 

Жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу жараяны жана мындан аркы кызматташуунун келечеги талкууланды. 

Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жараянында арбын иштер аткарылганын белгилеп, аталган жараянда көрсөткөн көмөгү үчүн Татьяна Валоваяга ыраазычылык билдирди. Анын жыйынтыгында, тиешелүү процедуралар аяктап, 12-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында бажы көзөмөлүнүн алынарын кабарлады.

"Биз эртеңден тарта ири биримдиктин курамына киребиз. Бул биз үчүн тарыхый кадам. Мындай окуя бизди абдан чоң иштерди аткарууга милдеттендирет. Анткени жарандарыбыз Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунан көп нерсени күтөт. Жаңы биримдик жарандарыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жеңилдиктерди камсыздайт", —деди Темир Сариев. 

Сариев бул жаатта бир топ иш аткарылса да, Кыргызстан экономикасын ЕАЭБ шартына адаптациялоо боюнча бир катар иштер турганын белгилеп, бул жаатта уюмдун башка мүчөлөрү жана Евразиялык экономикалык комиссиясы менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

 

137
Белгилер:
бажы көзөмөлү, Евразиялык экономикалык биримдик, Темир Сариев
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (173)
Тема боюнча
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен эмгек мигранттар түрдүү сынактардан бошотулат
ЕАЭБ чек арасын Кыргызстан менен Казакстандын президенттери жана премьерлери ачат
Пикирлер