Жети ай ичинде Кыргызстандын ИДП 7 пайызга өстү

Жазылуу
Кайра иштетүү өнөр жайы ИДПнын жарымын жапты, ал эми курулуш жана соода тармагынын өсүшү 8,9 жана 9,8 пайыз болду.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2015-жылдын жети айында 7,1 пайызга өскөн деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен. 

Акча жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бюджет кирешеси эмдиги жылы 138,4 млрд. сомду түзөт
ИДП январдан тартып июлга чейин 210,9 миллиард сом болуп, "Кумтөрдү" эсепке албаганда, анын өсүшү 4,5 пайызды түздү.

ИДПнын анык өсүшү 209 миллион сом болуп, кайра иштетүүчү өнөр жайы ИДПнын жалпы өсүшүнүн 42,6 пайызын (89,2 миллион сом) камсыз кылган. Соода 9,8 пайызды (20,5 миллион сом), ал эми курулуш 8,9 пайызды (18,63 миллион сом) түзгөн. 

Ал эми продукция өндүргөн тармактардын үлүшүн алсак, ал ИДПнын 35,8 пайызын түзүп, 2,2 пайызга өскөн. Кызмат көрсөтүү тармагы болсо, тескерисинче, 0,9 пайызга түшүп кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0