Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабуу демилгесин улантат

© Sputnik / Екатерина МихайловаАкча алмаштыруу жайлары. Архив
Акча алмаштыруу жайлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун Улуттук банк жыл башында демилгеленген. Мекеменин билдирүүсү боюнча, мындай чечимге акча алмаштыруу жайларынын пайда көздөп сомго кызыл кулактык кылышы себеп болгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабуу жана лицензиясыз иштеген жайлар үчүн айып пулдун көлөмүн жогорулатуу маселесин Жогорку Кеңеште күзүндө кайрадан көтөрүп чыга турганын брифингде УБ төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Сариев УБ төрагасына валюта рыногунда кызыл кулактыкка жол бербөөнү тапшырды
Акча алмаштыруу жайларын жабуу жөнүндө мыйзам долбоорун Улуттук банк жыл башында демилгеленген. Мекеменин билдирүүсү боюнча, мындай чечимге акча алмаштыруу жайларынын пайда көздөп сомго кызыл кулактык кылышы себеп болгон. Бирок парламент депутаттары аталган мыйзамды толук иштеп чыгууга кайра кайтарып, лицензиясыз иштегендик үчүн айып пулду жогорулатуу демилгесин колдоп беришкен. 

Нурбек Жеңиш УБ аталган маселелерди күзүндө кайрадан Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууну көздөп жатканын белгиледи.

"Биз акча алмаштыруу жайларын жабуу керек деп эсептейбиз. Бул жолкусунда депутаттар колдойт деген ишеним бар", — деди УБ өкүлү.

Улуттук банктын эсеби боюнча, Кыргызстанда 320 акча алмаштыруу жайынын иштөөгө расмий уруксаты жана лицензиясы бар. Тилекке каршы, учурда бул сан так эмес, анткени лицензиялар күн сайын алынып, кайра берилип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0