Кыргызстан аналитикалык борбор аркылуу деңиз соодасына чыгат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүУлан-Батордогу Цахиагийн Элбэгдорж имараты, Монголия. Архив
Улан-Батордогу Цахиагийн Элбэгдорж имараты, Монголия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, эл аралык соода тармагында кыйынчылыктарга туш болууда.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кырызстан Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында түзүлө турган БУУнун эл аралык аналитикалык борборуна кошулууга ниеттенип жатканын Экономика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан, эл аралык соода тармагында кыйынчылыктарга туш болууда. Мекеме тиешелүү унаа инфраструктурасы начардыгынан адистер транзиттик жүк ташууда бир топ тоскоолдуктарды башынан кечирип жатканын белгилейт. 

"Мындай кырдаал чыгымды көбөйтүп, мамлекеттин атаандаштык жөндөмүн алсыратат, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык дагы бир ири уюм менен кызматташмакчы
Министрлик Кыргызстан аталган аналитикалык борбордун ишине катышуусу менен аталган көйгөйлөрдү эл аралык деңгээлге алып чыгуусуна шарт түзүлөрүн билдирет. Буга байланыштуу мекеме аналитикалык борборго кошулуу боюнча өкмөттүн токтом долбоорун даярдаган.

Улан-Батордогу Эл аралык аналитикалык борбордун иши деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин соода, транзит, унаа жаатында мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0