Теңге, рубль жана сом Кыргызстандан Россияга жашылча-жемиш жеткирүүгө таасир тийгизди

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАлма чогултуу. Архив
Алма чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин Россиядагы өкүлү рублдин курсунун бекемдеши оң таасир тийгизерин, бирок бул качан болору белгисиз экенин билдирди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк валюта рыногундагы абал Кыргызстандан Россияга жашылча-жемиш жана башка продукция жеткирүүгө терс таасир тийгизип жатканын Экономика министрлигинин өкүлү Улан Мамытов билдирет.

12-августта Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы көзөмөлү расмий алынган. Евразиялык экономикалык комиссия кыргыз-казак чек арасында санитардык-карантиндик жана карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү толук алганын жар салган.

Мамытовдун айтымында, Кыргызстан менен Казакстандагы валюта курстарынын олку-солкулугу товарлардын экспортуна таасир тийгизүүдө.

"Валюта курсунун өзгөрүшүнөн биз чоң зыян тартып жатабыз. Олку-солкулук Кыргызстандан Россияга келген продукцияга баанын жогорулашына, мындан улам анын атаандаштыкка жөндөмсүздүгүнө алып келүүдө", — дейт Мамытов.

Экономика министрлигинин Россиядагы өкүлү рублдин курсунун бекемдеши оң таасир тийгизерин, бирок бул качан болору белгисиз экенин билдирди. Ал айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүүдө дагы бир көйгөй бар экенине токтолду.

"Азырынча бардык өндүрүүчүлөр өз товарларына тийиштүү кагаздарды алыша элек. Экспорттоочулар өз аброю үчүн бардык тийиштүү документтерди жөнгө салып алуусу кажет", — деди Мамытов.

Ал мындай көйгөйлөрдү чек арадагы абал менен байланыштырды.

Буга чейин экономика министри Олег Панкратов чек арада абал казак тараптын күнөөсү менен чар-жайыт болуп жатканын белгилеген.

Сомго карата доллардын, рубль жана теңгенин курсу кандайча өзгөргөнүн Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0