Улуттук банк "Росинбактын" ишин көзөмөлгө алды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Росинбанк" ишканасынын расмий бети. Архив
Росинбанк ишканасынын расмий бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Россиянын Улуттук банкы "Росинбанк" ишканасынын 90 пайыз акциясына ээлик кылган холдингге убактылуу администрациялоо тартибин киргизди.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкынын көзөмөл боюнча комитети 28-августта саат 8.30дан баштап "Росинбанк" ишканасынын операцияларын текшерүү үчүн аталган банкка тикелей көзөмөл кыла баштаганын УБнын маалымат кызматы билдирет.

Сайт ЗАО Манас Банк. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Манас Банк" банкрот деп табылды
Көзөмөл киргизүүгө бейшемби күнү Россиянын Улуттук банкы "Росинбанк" ишканасынын 90 пайыз акциясына ээлик кылган "ИТБ Холдинг" банк холдингинин катышуучулары "Инвестторгбанк" жана "Вокбанк" ишканаларына убактылуу администрациялоо тартибин киргизгени себеп болду.

Киргизилген көзөмөл "Росинбанктын" ишин чектебейт. Учурда мекеме кадимки тартибинде иштеп, лицензиясына ылайык бардык операцияларды жүргүзүүдө.

"Росинбанк" ишканасынын жетекчилиги Улуттук банктын талабына ылайык өз милдетин аткарууну улантып жатат деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0