Кендерди иштетүүдөн түшө турган салык 1,2 млрд. сомду түзөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөрдө кен иштетүү иштери. Архив
Кумтөрдө кен иштетүү иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицензия берүү жана жаңы кендерди ишке киргизүү менен өкмөткө 2016-жылы 690 миллион сом бонус түрүндө түшөт. Ошол эле учурда роялтиден 573,5 миллион сом түшүүсү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2016-жылдын бюджетинин долбоорунда кендерди иштетүүдөн түшчү салык 1,2 млрд. сомду түзө турганын Каржы министрлиги билдирди.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыртка чыгарылган кен байлыктарга карата экспорттук бажы алымын киргизүү сунушталууда
Бюджеттин жалпы кирешеси келерки жылы 118,2 миллиард сом деп пландалып, чыгашалар 145,5 миллиард сомду түзөт. 

Бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 27,3 миллиард сомдун каржы булагы каралган.

Кирешелердин божомолу баалуу кендерди казуунун көлөмүнө жана өткөн жылдардагы салык жыйымдарын эске алуу менен түзүлгөн.

Лицензия берүү жана жаңы кендерди ишке киргизүүдө 2016-жылы 690 миллион сом бонус түрүндө түшөт. Ошол эле учурда роялтиден 573,5 миллион сом түшүүсү күтүлүүдө.

"Кендерди иштетүүдөн 2016-жылы 1, 263 миллиард сом түшүүсү болжолдонууда", — деп Каржы министрлигинен билдирди.

Роялти – лицензиялык сыйлоонун түрү, жаратылыш ресурстарын колдонуу үчүн төлөнчү компенсация.

Жаңылыктар түрмөгү
0