Кыргызстанга инвестиция былтыркыга караганда көп келген

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБанкадагы акча. Архив
Банкадагы акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвестициялык каражаттын басымдуу бөлүгү геологиялык чалгындоого, кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле электр энергия, газ жана буу менен камсыздоого жумшалган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга келген чет элдик түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйүп, 498,5 миллион долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Таш-Көмүрдө нефть иштетүүчү завод ачылды
Маалыматка ылайык, инвестициялык каражаттын басымдуу бөлүгү геологиялык чалгындоого, кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле электр энергия, газ жана буу менен камсыздоого жумшалган. 

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестиция көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйгөн. Мында Канада, Улуу Британия, АКШ жана Түркиядан акча көп келген. Кытай мамлекетинен, тескерисинче, инвестиция көлөмү кыскарган.

Ал эми КМШ мамлекеттеринен келген каражат көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,8 эсеге жогорулаган. Эгер Россиядан 7,4 эсе көп келсе, Казакстандан 5,1 эсеге азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0