Энергетика министрлиги: Токтогулдагы суунун көлөмү кыш мезгилине жетет

© Sputnik / Шерстенников / Медиабанкка өтүүТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлүп жаткан суу көлөмүнүн божомолу Тажикстан менен Казакстандан келүүчү импортту эсепке алуу менен түзүлдү.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард куб метрге чейин жетиши болжолдонуп жатканын Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык боюнча селектордук жыйын учурунда билдирди.

Жыйын учурунда премьер-министр Темир Сариев бүгүнкү күндө Токтогулдагы суунун көлөмү 12,6 миллиард метр кубга жеткенин белгиледи.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, суунун көлөмү кыш мезгилине жетет.

"Эмдиги жылы суу боюнча абал кандай болорун айтуу кыйын. Сууну үнөмдөө боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Бардык аймактарда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча пландар бекитилди", — деди министр.

Күз-кыш мезгилине карата Казакстандан импорттоло турган электр энергиясынын көлөмү 450 миллион киловатт саатты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0