ЕАЭБдин Бажы кодекси 2016-жылдан тарта иштей баштайт

© Sputnik / Виктор ТолочкоЕАЭБ мамлекеттеринин делегация башчылары.
ЕАЭБ мамлекеттеринин делегация башчылары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кодекске дагы бир нече документ кабыл алуу зарыл.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жакын арада ЕАЭБ мамлекеттеринин Бажы кодекси кабыл алына турганын Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

Сариев ЕАЭБ алкагында кесиптештери менен жолугуу үчүн Белоруссияга учуп кетти
Белоруссиянын Гродно шаарында кезектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш өтүп жатат. Ага Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев катышууда.

Документ 2016-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Мында кодекске байланышкан бир нече документтерди кабыл алууга үлгүрүү керектиги айтылды.

Медеведев ЕАЭБ татаал экономикалык кырдаалда турганын айтып өткөн Кыргызстандын өкмөт башчысынын пикири туура экенин белгиледи.

"Экономикалык рынокто учурда олку-солкулук байкалууда", — деди Россиянын премьер-министри.

Медведев муну менен бирге күжүрмөн иш жана ийгиликтүү интеграция үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0