Сариев: биздин жарандар ЕАЭБге кирүүнүн бардык оң тараптарын сезиши керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Белоруссияда Гродно шаарында.
Премьер-министр Темир Сариев Белоруссияда Гродно шаарында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин өкмөт башчысы учурда биримдиктин башка өлкөлөрүнө Кыргызстандын товарларын эркин жүгүртүүсүндө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Белоруссияда Гродно шаарындагы Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынында, Кыргызстандын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товарлар менен адамдарына карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүндү. 

Премьер-министр кеңештин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйынына катышты.

Белоруссия КР менен айыл чарба техникаларын сатуу тармагында кызматташууга даяр
Кеңири чөйрөдөгү жыйында премьер-министр Евразия экономикалык биримдиги дүйнөдөгү ири жана динамикалык жактан өнүгүп жаткан уюмдардан экенин, уюмдун эл аралык чөйрөдөгү ишмердигин өнүктүрүү үчүн мүчө өлкөлөрдөн жигердүү аракеттер талап кылынаарын билдирди.

Сариев 12-августтан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болуп, чек арадагы бажы көзөмөлү алынганын эске салып, бирок учурда биримдиктин башка өлкөлөрүндө Кыргызстан товарларынын эркин жүгүртүүсүндө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи. 

"Мындай кырдаал техникалык маселелер менен байланыштуу деп эсептейбиз. Бирок биздин өнөктөштөрдөн учурда дыкаат көңүл буруп, Кыргызстандын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товар жана адамдарга карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүнөбүз. Биздин жарандарыбыз ЕАЭБге кошулуунун бардык оң тараптарын, анын ичинде ветеринардык көзөмөлдүн алып салынышын жана кыргыз тараптын ветеринардык көзөмөл системасы таанылганын сезиши керек", – деди премьер Сариев.

Муну менен катар Сариев эт, канаттуулардын эти жана сүт азыктарына тарифтик квоталарды аныктоо чечимин тездетүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясына тапшырма берүүнү жана бул маселенин Кыргызстан үчүн социалдык мааниси жогору экенин белгиледи. Чечимдин 2015-жылдын 1-октябрына чейин күчүнө кирүүсүн сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0