Кыргызстан менен Гвинея дипломатиялык жактан кызматташат

© AFP / CELLOU BINANI Гвинея мамлекетинин Конакри шаарындагы президенттик сарайы. Архив
Гвинея мамлекетинин Конакри шаарындагы президенттик сарайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн элчиликтер ачылат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгү КР менен Гвинея мамлекетинин ортосунда дипломатиялык кызматташтыкты орнотуу боюнча биргелешкен документке кол койду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Документке ылайык, эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилерди чыңдоо үчүн элчиликтерди ачуу каралган.

Ошондой эле, дипломатиялык кызматташуунун жолго коюлушу эки мамлекеттин өнүгүүсүн өргө тартат деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0