Ишкерлерди текшерүүнү финпол гана жүргүзө аларын Сариев дагы бир ирет эскертти

© Фото / пресс-служба ГНСКишеше дикларациясын толтуруу. Архив
Кишеше дикларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы ишкерлер салып төлөөдөн качпашын, бизнес өзүнүн социалдык жоопкерчилигин сезиши керектигин айтты

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында текшерүүлөрдү азайтуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында ИИМ менен УКМКнын бизнести текшерүүсүнө тыюу салынганын айтты.

"Учурда бул жаатта текшерүүлөрдү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гана жүргүзөт. Башка органдардын текшерген фактылары болсо аны Өкмөттүн антикоррупциялык саясат бөлүмүнө кайрылуусу керек. Ал эми буга чейин козголгон кылмыш иштери ИИМ жана УКМКдан аталган кызматка өткөрүп берилди", — деди өкмөт башчысы Сариев. 

Премьер ошол эле учурда ишкерлер салык төлөөдөн качпашын, бизнес өзүнүн социалдык жоопкерчилигин сезиши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0