ЕЭК отурумдагы документтер. Архив

ЕЭК Бажы биримдигинин техникалык регламентин түшүндүрдү

53
(жаңыланган 11:44 14.09.2015)
Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунан кийин коомчулукта жана мамлекеттик органдарда унаа, жабдык, күйүүчү май, жарылуучу заттардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламент боюнча түшүнбөстүктөр көп кездешүүдө. Мындан улам Экономика министрлиги техникалык регламенттердин жобосун түшүндүрүү боюнча семинар уюштурган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия Бажы биримдигинин техникалык регламентинин жоболорун коомчулукка, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түшүндүрүп бергенин Экономика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунан кийин коомчулукта жана мамлекеттик органдарда унаа, жабдык, күйүүчү май, жарылуучу заттардын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламент боюнча түшүнбөстүктөр көп кездешүүдө. Мындан улам Экономика министрлиги техникалык регламенттердин жобосун түшүндүрүү боюнча семинар уюштурган. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү кабыл алынган 12 техникалык регламент жана ЕАЭБ алкагында киргизилген товарларга коюлуучу милдеттүү талаптар боюнча кеңири түшүндүрмө берди. 

53
Белгилер:
бажы, техникалык регламент, ЕЭК, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (204)
Тема боюнча
ЕЭК: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болду
ЕЭК: Кыргызстан боюнча Казакстандан келчү документтерди эмки жумада күтүп жатабыз
Этти кайра иштетүүчү завод. Архивдик сүрөт

Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот

78
(жаңыланган 08:35 27.09.2020)
Завод ушул жылдын декабрь айынан тарта ишке киргизилсе, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан эт алып турат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, жакында эле фонд төрт продукцияны: сүт, эт, балык жана жашылча-жемиштерди иштетүүгө насыя берүү чечимин кабыл алган.  Бул багыттар боюнча насыянын шарттары да жеңилдетилген. Мындан ары соода жүгүртүү капиталы дагы каржыланат, төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү эки жылдан үч жылга чейин узартылды, күрөөнүн коэффициенти да азайтылып, алынып жаткан пайыздын 50 пайызын гана түзүп калган.

7 миң киши жумуш менен камсыз болот. Ошто текстиль фабрикасы курулуп жатат

"Балыкчыда этти кайра иштетүү боюнча жаңы завод курулат. Ал жерге эт Ысык-Көл жана Нарын облустарынан сатып алынып иштелип чыгат да, чет өлкөгө эскпорттолот", — деди Аалиев.

Ошондой эле ал план боюнча аталган ишкана ушул жылдын декабрь айынан тарта иштке киргизилиши керектигин кошумчалады.

78
Белгилер:
кайра куруу, завод, Балыкчы
Тема боюнча
Жылына 8 тонна. Баткенде өрүктү кайра иштеткен логистикалык борбор курулууда
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Алтын куйма. Архивдик сүрөт

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

87
(жаңыланган 11:02 26.09.2020)
Жакында эле Улуттук банктын алтын валюталык корунун көлөмү 3 миллиард доллардан ашып, тарыхый рекордго жеткен. Бул жерде бир гана алтын кору тууралуу маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Улуттук банк сомдун кунун түшүрбөй сакташ үчүн 11,2 миллион доллар сатты

Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

87
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, валюта, экономика, алтын
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Боронов алтын казып иштеген компаниялар канча салык төлөгөнүн айтты
Ооруканадагы капельницалар. Архив

Россияда көпүрө урап 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:15 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, Тез жарджам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда. Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү.

0
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам