Диль: уюлдук байланыш жетпеген алты айыл жыл аягына чейин камсыздалышы керек

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУюлдук телефон. Архив
Уюлдук телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигине дооматтар жок экенин белгилеген чиновник тез арада чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Буга чейин уюлдук байланыш жетпеген алты калктуу пункт үстүбүздөгү жылдын аягына чейин байланыш менен камсыз болушу керектегин вице-премьер-министр Валерий Диль мамлекеттик орган жетекчилеринин отчетун угуу маалында билдирди.

Өкмөт алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигине дооматтар жок экенин белгилеген чиновник тез арада чечүүнү талап кылган маселелер бар экенин кошумчалады.

"Уюлдук байланыш жок калк отурукташкан 40 жайды телефондоштуруу аяктап калды. Учурда байланыш менен камсыздалбаган алты айыл бар, жыл аягына чейин аларга уюлдук байланыш жеткирүү керек", — деди Диль.

Жыйындын жүрүшүндө чиновник "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасын реформалоону тездетүү зарылдыгын белгиледи. 

"Азырынча аталган ишкананын абалы дурус деп айтуудан алысмын. Кирешени көбөйтүү жолдорун табуу керек. Жетекчилик тарабынан жасалып жаткан аракеттердин багыты туура болгону менен, алар жетишсиздик кылат", — деди вице-премьер.

Диль жыйындын соңунда кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтип, кардарларды көбөйтүү зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0