Диль кытайлык ишкерлерге кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады

© flickr.com / poeloqКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Кытайдан келген ишкерлер менен Кыргызстанга инвестиция тартуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Вице-премьер Валерий Диль кытайлык ишкерлерге кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштаганын өкмөтүүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытай мамлекети менен болгон кызматташууга терең маани берет. 

"Мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү максатында кызыктуу жана келечектүү долбоорлорду каржылай турган кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштайбыз", — деди Диль.

Циндао шаарынын соода бюросунун башкы директору Ма Вайгень Кыргызстанда бир катар натыйжалуу жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

"Мындан улам биз Кыргызстандын аймагына "AUCMA Co, Ltd" компаниясынын муздатуучу жабдыктарын өндүрүү боюнча ишкана ачуу маселесин караштырып жатабыз. Булардан тышкары, бир катар долбоорлор кызыгуубузду жаратты", — деди кытайлык ишкер.

Сүйлөшүү учурунда Диль республикада жакын арада бош калган өндүрүш жайлардын аймагында технологиялык парктарды түзүү боюнча долбоор ишке аша турганын, бул үчүн жарык, суу, жол жана башка коммуникациялар сыяктуу бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

"Өндүрүштүн алгачкы этабында киреше жана жер салыгынан бошотуу тууралуу мыйзам ишкерлердин кызыкчылыгына туура келерине ишенем. Технологиялык парктар мамлекетти индустриялаштырууда чоң мааниге ээ", — деди вице-премьер.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0