Түркия Кыргызстандан төө буурчакты арбын сатып алууга ниеттенип жатат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТөө буурчак жана башка дан азыктар. Архив
Төө буурчак жана башка дан азыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялыктар жыл сайын 200 миң тонна төө буурчак керектейт, ал эми Кыргызстандан келген продукцияны абдан баалашат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан жылына 60 миң тонна төө буурчак экспорттойт. Бул туурасында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Түркиядан келген делегация менен жолугуп жатканда айтты. 

Кыргызстандан Түркияга буурчак түркүмүндөгү продукцияларды экспорттоону жакшыртуу максатында Кара деңиз институтунун айыл чарба иликтөөлөрү боюнча атайын тобу келди. 

Министрдин айтымында, Кыргызстандын экономикасында агрардык тармактын үлүшү жаман эмес, анын ичинде төө буурчак өндүрүү да маанилүү болуп турат. 

"Экспортту жылына 80 миң тоннага жеткирсек деген ниет бар", — деди министр. 

 Түркиялык делегация өкүлү Хусейин Өзчелик алар жыл сайын 200 миң тонна керектээрин, анын ичинен Кыргызстандан келген продукцияны абдан баалашарын билдирди. 

"Жылына 190 миң тонна экспорттоп, 40 тонна импорттойбуз. Биздин чен-өлчөм менен алганда төө буурчак 11-12 миллиметр болушу шарт. Наркы анын түрүнө жараша бычылат. Маселен, 1 килограмм төө буурчак 5 доллар турат", — деп айтып берди делегация мүчөсү. 

Түркия тарап түшүмдү жакшыртуу максатында буурчактар түркүмүнө кирген өсүмдүктөрдү эгүү, багуу боюнча маалыматтык жардамын сунуштады. 

"Кыргызстанда төө буурчактын дагы бир нече жаңы түрлөрүн өстүрсө болот, бул анын сапатынын жогорулатат",— деди Өзчелик.

Жолугушуунун соңунда, айыл чарба продукцияларын алып-сатуу боюнча эки тараптык келишим түзүлдү.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0