Хамитов: Башкыртстан Кыргызстандын мөмө-жемишин импорттоого кызыкдар

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүБашкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов. Архив
Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчи Кыргызстан үчүн тик учак, кыймылдаткыч жана айыл чарба техникасы кызык болушу мүмкүн экенин белгилеп, Башкыртстан туризм жана билим берүү жаатында кызматташууну бекемдей турганын билдирди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Башкыртстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 150 миллион доллардан ашпай турганын, анын басымдуу бөлүгүн башкыр тараптын экспорту түзөрүн кыргыз-россиялык аймакnfh аралык конференцияда Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык импорттун 98 пайызын лампочкар, ал эми калган эки пайызын башка товарлар түзөт.

"Биз Кыргызстандын айыл чарба продукциясына, өзгөчө мөмө-жемишине кызыгуубуз күч. Өз кезегинде кыргыз тарап бизден дан өсүмдүктөрүн, мунай зат, машина куруу жабдыктарын сатып алса болот", — деди Хамитов.

Жетекчи Кыргызстан үчүн тик учак, кыймылдаткыч жана айыл чарба техникасы кызык болушу мүмкүн экенин белгилеп, Башкыртстан туризм жана билим берүү жаатында кызматташууну бекемдей турганын билдирди.

Хамитов мындан тышкары, Башкыртстан бардык сунуш жана кызматташуу үчүн ачык экенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0