Экономика министрлиги "Альфа-Телекомду" коммерциялык сынакка коюуну сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив
MegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык конкурстун кадимки аукциондон айырмасы - объектини менчиктештиргенден кийин милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болот.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Экономика министрлиги "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын коммерциялык сынакка коюуну сунуштап жатканын аталган мекеме билдирди.

Уюлдук оператордун антеннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радиожыштыктар үч компанияга 900 млн. сомго ижарага берилди
Маалыматка ылайык, коммерциялык сынакта менчиктештирилүүчү объектиге карата милдеттемелер бекитилет. Бардык милдеттемелерди кабыл алуу менен эң жогорку баа сунуштаган жак сынактын жеңүүчүсү деп табылат.

Мындай ыкманын кадимки аукциондон айырмасы — объект менчиктештирилгенден кийин милдеттердин аткарылышы көзөмөлдөлөт. Келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, сот чечими менен сатуу жана сатып алуу келишимин жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0