Өкмөт негизсиз өсүп кеткен бааларды жөнгө салуу ниетинде топ түздү

Жазылуу
Абалга аралжы боло турган ведомстволор аралык мындай структура Экономика министрлигинин алдында пайда болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өкмөт күнүмдүк турмушта көп колдонулган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары кескин же негизсиз кымбаттап кеткен учурда ага карата чара көрө турган ведомстволор аралык топ түздү. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирет. 

Абалга аралжы боло турган мындай структура Экономика министрлигинин алдында пайда болду. 

Сариев базар аралап, бааларды билип, балдан ооз тийди
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн адаптациялоо боюнча кабыл алынган чараларды ишке ашыруу боюнча пландарды бекиткен өкмөттүн токтому чыккан. Баалар боюнча иштей турган топ аталган документтин алкагында иш алып бармакчы. Анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Ведомстволор аралык комиссиянын тобу баалар өсүп кеткен учурда анын себебин талкуулап, аны кармап туруунун жол жоболорун иштеп чыгат. Алар рынокто товарларды көбөйтүү, бааны кармап туруу үчүн, керек болсо ЕАЭБдин аймагында алдын ала чараларды көрүү, атаандаштыктык боюнча мыйзамдардын алкагында иш алып баруунунун жол-жоболорун сунуштайт. Күнүмдүк турмушта көп колдонула турган товарлардын тизмесине бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0