Сариев: Кыргызстанда эт продукциясынын атаандаштыгы артат

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев эттен жасалуучу азык өндүргөн ишкананын ачылуусунда. Архив
Премьер-министр Темир Сариев эттен жасалуучу азык өндүргөн ишкананын ачылуусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касапкана эт азыктарын өндүрүүчү ишканаларды сапаттуу эт менен камсыз кылуу максатында ачылды. Даяр продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири — эт продукциясынын атаандаштыгы арта турганын премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында мал союучу комбинаттын ачылышында билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берген комбинат бүгүнтөн баштап ишке кирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында мал союучу комбинаттын ачылышында.
1/3
Премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында мал союучу комбинаттын ачылышында.
© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берген комбинат бүгүнтөн баштап ишке кирди.
2/3
ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берген комбинат бүгүнтөн баштап ишке кирди.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Комбинат заманбап жабдык менен камсыздалган.
3/3
"Комбинат заманбап жабдык менен камсыздалган.
1/3
Премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында мал союучу комбинаттын ачылышында.
2/3
ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берген комбинат бүгүнтөн баштап ишке кирди.
3/3
"Комбинат заманбап жабдык менен камсыздалган.

Өкмөт башчынын айтымында, бул Кыргызстан үчүн орчундуу окуя, анткени, бардык эрежелерге ылайык келген мал союучу жайдын ачылышы менен мамлекеттин ишкерлер үчүн шарт түзүү аракети ишке ашып жатат.

"Комбинат заманбап жабдык менен камсыздалган. Лабораториясы, технологиялык процесс эл аралык сертификациялоо системасынын стандартына жана ЕАЭБдин бардын шарт-талабына жооп берет. Кыргызстанда өндүрүлгөн эт продукциясы ички муктаждыкты да канааттандырып, мамлекеттин эскпорттук мүмкүнчүлүгүн өстүрүүгө өбөлгө болушу кажет", — деди Сариев.

Касапкана эт азыктарын өндүрүүчү ишканаларды сапаттуу эт менен камсыз кылуу максатында ачылды. Даяр продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0